Главная > Kutbulak > Ош базары, Ош базар эмес.

Ош базары, Ош базар эмес.


23-11-2017,20:38. Разместил: Администратор
Ош базары, Ош базар эмес...
Бүгүнкү күндө борбор калаабыздагы ири базарлардын бири болгон Ош базары Ош базар эмес эгер Беш Сарынын алдындагы кумурсканын уюгундай уюган, колдонулган кол телефон саткан топ балдарсыз. Алардын алдылары он жылдан бери колдонулган телефон алып, сатып үй-бүлө баккандарда бар экен. Ал жактан төрт жүз сомдук арзан телефондон баштап “алманын” телефондоруна чейин соода оюну жүрүп турат. Базардын өзүнө гана таандык терс жана оң өзгөзөлүктөрү бар.

Базардын айрым көчөлөрүнөн жарыя айткан радио түйүндөрүнүн көптүгүнөн  эки, үч үндүн бирдей чыкканы угулганда кулакка хаос жаралып кеткенсийт. Бирок көпчүлүк ал үндөргө көнүп калгандай ойгода алышпайт. Ар ким өз өзү менен убара.
Көчөнүн  ар бир эл баскан жерлерге жарыя кагаздарды иле беришкен. Базардын аты ордолуу берекелүү Ош шаарыбыз  экинчи борборубуздун атынан атанган. Мындай касиеттүү атты алып жүргөн базар тазалык тартиптин символу болушу керек болчу.
Мурда бийлик тарабынан жок кылынган бирок эки  үч жылдан бери кайра пайда болгон көчөдөгү төлгөчү аферисттерда жайнап кеткен, алар менен сүйлөшүп отурган анда мында элдерди көрсө болот.
Белгилүү кино продюсер Мухтар Атаналиев:
- "Ар бир нерсени биз  жашоодо көргөндө, колдонгондо, ойлонгондо ошол нерсенин максаты жөнүндө ойлонобуз. Ошол отурган лөлүнүн биринчиден максаты эмне десек. Бирөөнүн ден соолугун оңдоп коюш керек эле же ишин жүргүзүп коюш керек деген максат жок анда. Анда бир эле максат бар, акча табуу. Эми ошонун жанына отуруп калган айрымдардын максаты эмне десек. Ал адамдар алсыз адамдар, жашоодон бардыгы эле кыйналат байы деле кедейи деле кыйналат таанышы бары жогу деле кыйналат. Эми айтпайм ошолордун кызматынан бардыгы пайдаланып жатат деп, нөл нөл нөл нөл бир эле пайыз болбосо, калган адам андайга жолобойт. Эми бул туурабы десен жок туура эмес. Биз адегенде  ар ким өзүбүздөн баштасак тазалансак, руханиятыбызды, акыл эсибизди тазаласак, билимге сугарылсак булар өзүнөн өзү жок болот.  Кайсы элди алдаганга мүмкүн болсо, ошол элге келип алдашат. Кайсы элди алдаганга мүмкүн болбосо ага эч ким аракет кылбайт. Мисалы советтер союзу жаңы тараган учурда, шарик ойноткондор көбөйүп кеткен. Эмнеге дегенде башаламан, эч бир  түшүнүгү жок, баалуулуктары жок, жашоолору бир калыпка тушпөй жаткан элди шарик менен эле алдап акчасын алып койгон. Бүгүнкү күндө дагы бул тема актуалдуу. Качан биз бир максатта ынтымакка келсек анда такыр башка сөз болот".
Өтүкчүлөр мурдагы жылдарга салыштырмалуу дагы көбөйүшкөн".
Өтүкчу Асылбеков Руслан (38 жаш)“Акыркы учурларда кытайдын сапатсыз бут кийимдери көбөйүп кеткен. Биз албетте кытайлардын түшүп калган бут кийимдерин  аларданда сапаттуу кылып тигип, оңдоп түзөп беребиз, себеби биз кардарды кармап калышыбыз керек. Кытайлардан биздин эмнебиз кем?  ...  Аларда биздей эки кол, эки буту бар. Эмне үчүн алар чыгарган бут кийимди биздин атка минерлер чыгарбайт? Бул жерде канчалаган жумушсуз жүргөндөр өзүбүздөн бут кийим чыгат деп далдалаңдап иштешмек”...
Россияда эле баары жыргап жаткансып  Москва Бишкек каттамына билет саткан жерлер да арбын. 
Ош базар Ош базар эмес эгер мындай көчмөн соодагерлерсиз.

Шаарда эл көбөйгөндүктөн суроо талап көп болуп арабасын сүйрөгөн сатуучуларыбыздын саны да көбөйгөн. Булардын туруктуу орду жок болгондуктан бир ордунда турушбайт. Тартип коргоо органдарынын эрмеги күндө бир маал. Бирок баса белгилеп кетчү сөз бул көрүнүшкө, ыңгасыздыкка милиция да көчмөн соодагерлерде да айып жок.
Базарда күнүгө жүздөн ашык жумушсуздар күнүмдүк жумушка да чыгышат.





Бул жерден эки миң беш жүз сомдон өйдө батирлерди ижарага тапса болот.




Бул контейнерленде өтүкчүлөр ижара акысын айына алты миң сомдон төлөшөт.
Ош базар деп атагы алыстан угулган жердин бүгүнкү абалы ушундай. скачать dle 11.3
Вернуться назад