реклама

Регистрация

842
0
11-10-2017,21:49

Айжан Акылбекова менен жаңы долбоору «Элечек жумалыгы» тууралуу маек.

     Орто кылымдан бери эч  өзгөрүүсүз Япониянын салттуу кийими, адабий  япон тили, чай тартуулоо асеми, театр «кабуки», «но» жана башка көптөгөн улуттук баалуулуктарын, техногендик өнүгүү цивилизациясынын туу чокусуна чыккан күнү дагы  япондор сактап калышкан.
  Биздин  байыркыдан бери келе жаткан комузубуз, күүсү дүйнө элин тан калтырган. Манас айтуу феномени, айтыш, ордо, жана башка көптөгөн кыргызга таандык кылым карыткан  салттарыбыз арбын. Уурчубуз кур эмес. Улуттук баш кийим болгон элечек тээ алмуздак замандан бери өзгөрүүсүз кандай оролсо ошондой сакталып япондордон тен ата келет. Бул биздин  өзгөчөлүк.
Мирдан Жунуш. Ассалам алекум, Айжан эже! Улуттук кийим  кечеге кызыгууңуз качан жана эмнеден улам башталган?
Айжан Акылбекова. Ва алейкум салям!  Негизи өзүм улуттук кийимдерди жакшы көрчүмүн мурунтан  эле. Бирок кызыгуу, кийүү деген ой жоолук салынгандан кийин пайда болду, ислам мыйзамдары менен жашап баштаганда. Биздин улуттук кийимдер деле шарияттын талаптарына ылайык келээри жөнүндө маалымат алгандан кийин. Өзүбүздүн  улуттук кийимдер менен эле исламдын негиздерин тутуп жашаса болот экенин түшүнгөндөн кийин.
- Башкача айтканда Ислам дини менен улуттун ортосунда эч кандай карама каршылык жок?
- Кудайга шүгүр кыргыз эли башка элдин маданиятын алып, башка элдин маданиятын үйрөнбөй эле өзүнүн маданияты менен. Ислам динине кийими  өзгөчө  туура келгендиги албетте кубандырат.
- Жакында  «Элечек жумалыгы» аттуу саамалык баштап жатыпсыз ал жөнүндө  айтып берсеңиз?
- Биз беш,  алты жылдын аралыгында көптөгөн  улуттук кийимдер менен долбоорлорду өткөрүп келе жатабыз. Ошол иш чаралар ар бир  өткөн сайын, эмнегедир бизде элечек кийип жүрүү  ыңгайсыз деген пикирлердин калыптанып калгандыгын биз байкап келе жатабыз. Ошондуктан биз,  ар бир айым  өзү  кийип көрүп,  өзүнүн оюн айтканга мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө  аракет көрөбүз.  Анткени биз элечекти  таңуулагыбыз келбейт, эч нерсе бул жашоодо таңууланбаш керек. Маданият дагы дин дагы ар бир адамдын тандоо  мүмкүнчүлүгү  бар. Эгер бир адам жоолук салынам десе, жоолук салынат,  элечек кийем десе элечек кийет. Ошондуктан бул айымдарга тандоо мүмкүнчүлүк берилет .
- Сиз өзүңүз элечек кийип жүргөн адам катары элечек кийүү эмнеден башталышы керек?
- Бул  өтө  кызыктуу суроо. Мисалы элечекти,  элечек кийүү,   баягы мен мусулман, сен мусулман эмессин -  деген эки ажырым лагерди бириктирүү   идеясы дагы камтылып жатпайбы ошондуктан, бул жерде мисалы  үчүн кыргыз айымы ислам динин тутпаган жөнөкөй эле кадыресе  кийинип жүргөн айым улутунун баалуулугу катары, кыргыз элинин маданияты катары мамиле кылып кийсе да болот. Мен мусулман ислам дининде жашаган айым катары муну  менин авраттымды жапкан кийим деп кийсем болот. Элечекке ушундай ар кимдин салмактуу мамилеси болот.
- Адам кийингенине жараша өзүн алып жүрүүсү  да ошого жараша болот эмеспи. Элечекти кийгенде кандай сезимдер болот?
- Албетте, мындай кийим аялды Өзүн ханышадай алып жүрүүгө  түрткү  берет. Бирок бул аврат жапкан кийимди анын кооздугу эмес. Бул милдет болгону үчүн кийебиз. Биринчи адамга түшүнүк келет, анан түшүнүгyнө  жараша кийинүү   маданияты болот экен.
- Убакыт бөлүп маек бергениңизге чоң рахмат.  Элечек жумалыгы иш чарасына ак жол.
- Сизге рахмат.скачать dle 11.3
Ой бөлүшкөндөр:
Ой бөлүшчү жер
Ваш комментарий:
Вопрос:* Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
Сайт жөнүндө

Бардык бул сайттагы колдонууга алына турчу материалдарды сайтка шилтеме берип алуу шарт. Материалдарды бөлөк интернет басмаларга көчүрүп алууда, сөсүз түрдө. Ачык, издөө системаларына ылайык болгон гиперссылка көргөзүлүшү керек. Материалдарды толук же жарым жартылай алууда шилтеме көргөзүлүшү зарыл. Гиперссылка (интернет басмаларында жайгашканда) теманын, аталыштын алдында же биринчи абзацтан кийин көргөзүлүшү шарт. Бардык укуктар корголгон.

Copyright © 2017

  • Рейтинг@Mail.ru