реклама

Регистрация

1 303
0
9-10-2017,19:18

Бакыт издеген балдар.


      Балалуу үй бактылуу үй. Бирок азыркы учурда балага жык толуп, бактылуулукка эмес кусалыкка, сагынычка жана ошондой эле күтүүгө курчалып, ал сезимдерден чыга албай жаткан үйлөр бар. Биздин борбор калаабызда эле 10го жакын балдар үйү жайгашкан. Эң өкүнүчтүүсү  бул маселеге абдан аз көңүл бөлүнгөндүгү. Бул балдар мамлекет тарабынан каржыланат. Бирок кандай болгон күндө дагы ар бир бала ата-эненин мээримине муктаж.     
      Коомдук ишмер Данияр Абдыкадыров эки жылдан берки убакытта балдар үйүнөн эки баланы дем алыш күндөрү үйүнө алып келип ата катары оз тарбиясын балакайларга берип турат. 
Kutbulak: Саламатсызбы, Данияр мырза! 
Сиз балдар үйүнөн ар жумада дем алыш кандөрү үйүңүзгө эки баланы алып келип үй-бүлөөлүк бакыт тартуулап турат экенсиз. Ошол иш тууралуу айтып берсеңиз?
Данияр Абдыкадыров:  - Саламатчылык. Ал иш тууралуу айтып берсем эки жылга жакындап калды. Эң башында дем алыш күнү бизге үйгө балдар такылдатып келген эле, "балдар үйүнө кийим-кече, акча топтоп атабыз. Бере аласыздарбы?" деп. Мен тактап сурадым кайсыл балдар үйүнөн келдиңер, кайсы жерде жайгашкан деп. Анан мен алардын бетине эле айттым мен силерге азыр эч нерсе бербейм, бирок эртең  өзүм кетем деп. Эртеси күнү баардык нерселерди сатып алып ошол балдар үйүнө барып, кичинекей балдар менен тааныштык. Ошентип жума сайын барып балдар менен тааныша баштадык. Ал жакта негизи ата-энеси таштап кеткен балдар бар, ата-энесинен алып койгон балдар бар. Арасынан ошо эки бала... Башында төрт бала болчу. Директор менен сүйлөшүп, төрт баланы кезек менен үйгө алып келип, алар менен чогуу жүрдүк. Кийинчерээк эки баланы ата-энеси алып кетишти. Ал эми азыр алып келип жүргөн эки баланы ата-энеси канча жылдан бери алып кетпейт, өзүлөрү келбейт. Ар бир жума сайын мени күтүшөт да. Азыр да ошол жака барам алып кеткени. Кечээ мисалы алып кеткенге жетишпей калдым. Кечинде чалып "Данияр байке качан алып кетесиз?", бүгүн эртең менен кайра чалышты "Канчада келесиңер?" - деп. Анысыңарындай ар бир дем алыш күнү,  расписание боюнча, ал жактан түз өтүп кете албайм, анткени балдар күтүп жатканын билем. Балдарды үйгө алып келгенде,  негизи айтаарым, эч нерсе кетпейт. Акча деле көп коробойт. Алардын кийим-кечегиң алып берсең аябагандай эле арзан. Эң негизгиси аларга көбүрөөк көңүл буруп, көбүрөөк ойноп, көбүрөөк сүйлөшүп ал балдар менен. Ошентип, келинчегим экөөбүз ар дайым аларды алып келип турабыз үйгө.

- Жакшы. Сиздин мындай иш аракеттериңизди көрүп биз сыяктуу суктангандар көп эле болсо керек. "Данияр байке, биз дагы сизге окшоп балдарга жардам бергибиз келет",- деп кайрылгандар болдубу?

- Ооба, бүгүнкү күнгө чейин көп адамдар кайрылды биз да жардам бергибиз келет деп. Анан көбү биздин азыр каражатабыз жок деп айтып калышат. Мен буга чейин айтып кетпедимби, негизи балдарга жардам бериш үчүн көп каражаттын кереги жок. Эң негизгиси адамдын каалоосу болсо, ал сөзсүз түрдө жолун таап жардам бере алат. Анткен себеби, балдарга жардам бериш үчүн сөзсүз бай болуш керек, сөзсүз акчаң болуш керек деген түшүнүк бар эмеспи элде. Мен айтат элем негизи каражат деле көп кетпейт балдарга жардам бериш үчүн. Анан келинчегим дагы мени аябай колдоп турат. "Балдарга жардам берели, балдарды алып келели",- деп. Анан  буга чейин кайрылгандардын кээ бирлери мен китеп окуп берейин, кээ бирлери мен кийим-кече алып барат элем деп кайрылышат. Алардын баардыгына балдар үйүнүн даректерин беребиз.


- Бала асырап алуу жөнүндө ойлоруңуз барбы, эгер бар болсо ушуга чейин кандай иш-аракеттерди көрдүңүз?

- Бул күнгө чейин балдарды үйгө алып келип жүргөнүбүздүн дагы бир себеби, балдар бизге көнө алабы, биз аларга көнө алабызбы деп, алар менен көп убакыт сүйлөшүп, алардын ички дүйнөсүн билип дегендей. Бүгүнкү күндө документтерди даярдасакпы деп, эмне документтер керек, баарын алып, директор менен сүйлөшүп, буюрса дардоо учурундабыз. Буюрса ишке ашат деп ишенем.


                                                    Данияр Абдыкадыров, жубайы жана тун уулу менен.

- Эң алгачкы жолу келгенде балдардын эмоциясы кандай болду эле? Сиздин жубайыңыздын көз карашы кандай болду ?

- Негизи биз ар бир жума сайын алып келип турабыз. Кээ бир учурда ишибиз көп болуп калат. Андай болгондо балдарга алдын ала айтып коебуз, бул жумада келе албайбыз, кийинки жумада келебиз деп. Ошентип айтсак, балдар "түнкү 11ге чейин күттүк" деп айтып калышат. Андай сөздөрүн укканда, ичибиз ачышып, ошондуктан ар бир жума сайын барганга аракет кылабыз. Биринчи жолу үйгө алып келгенде балдар менен оңой эле ички дүйнөсүн билгенге мүмкүнчүлүк болгон жок десек болот. Анткен себеби, көп учурдан бери аларды эч ким алып кетпей, алар кичине жабык болушкан. Анан канча жолу алып келгенден кийин акырын ички дүйнөсүн ачып, акырын бизге өзүлөрү жөнүндө айтып берип дегендей, анан акырындан көнүп калышты.

- Бала асырап алам деп жүргөн  ата энелерге Сиздин пикириңиз?

- Эң негизгиси жетим балдарга майрам учурунда гана эмес, колдон келишинче көбүрөөк жардам берүү керек. Анткен себеби, алар деген бала да. Бала кезинде кандай адам жардам бергенин баары балдардын эсинде калат. Азыркы күндө кандай тарбия алышат, кийин алардан кандай адамдар чыгат, анын баары биздин колубузда. Бир адам бир кичинекей баланын же эки кичинекей  баланынкелечегин өзгөртө алса мен ойлойм бул аябагандай чоң иш болмок. Анткен себеби, Кыргызстанда 6млн калкпыз, анын жок дегенде  эле жүз адамы жүз баланын келечегин өзгөртө ала турган болсо, Кыргызстандын жаш балдарынын келечегине кошкон салымыбыз болмок да. Ошондуктан, көп учурда адамдар жаңылыштык ойлорду ойлошот. Мисалы, алар ойлойт мен сөзсүз түрдө чоң суммада көп белек алып,көп кийим-кече алып, берип коем. Ошо менен мен чоң сооп иш кылдым деп. Жок, ал балдарга көп адамдар келет, келип бир жолу белегин берип коет анан жок болуп кетет. Кайра 2-3 жылдан кийин дагы эстесе бир белегин берип коет. Балдарга эң негизгиси, бүгүнкү күндө керек нерсе бул- көңүл. Тарбия-таалим берип, аларды керек учурда урушуп, керек учурда бетинен сүйүп дегендей. Ошол үчүн аларга эң негизгиси бүгүнкү ккндө көбүрөөк көңүл буруу. Балдар үйүндө дагы канча деген балдар бар эмеспи, жүзгө жакын. Балдар үйүнүн жетекчилиги аларга көп көңүл бурууга аракет кылса дагы ар бирине көңүл буруп жетишпейт. Ошондуктан элге айтаарым колдон келишинче көбүрөөк көңүл буруп, жума сайын болобу, ай сайын болобу барып, 1-2 баланы өз карамагына алып, үйүнө алып кетпесе дагы, карамагына алып, жума сайын барып, алар менен сүйлөшүп турса дегеним.
- Сизге чоң рахмат. Убактыңызды бөлүп келип бергениңиз үчүн чоң рахмат.

- Сиздерге да рахмат. Ийгилик.

- Здравствуйте представьтесь пожалуйста.

- Трущевский Алексей   Владимирович. Директор центра реабилитации детей и молодежи города Бишкек.

- Можно пожалуйста узнать что нужно сделать что бы усыновить ребенка какие документы нужны? Сколько время это займет?

- Ну во первых по принятому кодексу о детях там есть свои параметры надо собрать кое-какие документы включая справка не судимости, наркологии, потом с работы с места жительства, характеристики. Все эти документы сдаются в отдел по поддержки семьи и детей  в районе где проживает семья. И там получают заключение что они могут быть усыновителями. После этого они становятся на учет и когда появляется ребенок который подходит  по статусу для усыновления. Они получают получают направление а отделе по поддержки семья и детей.

- Куда нужно обращаться чтобы усыновить ребенка?

- В отдел по поддержки семьи и детей в каждом районе есть. Они базы данных ведут, они занимаются усыновлением.

- А у вас тут можно да усыновить? В этом центре?

- Мы подаем документы туда. Да усыновители приходят и усыновляют.

- За последние три года у вас сколько детей было усыновлено?

- Например, сейчас мы готовим троих детей. Который будуть забрать домой.

- Мы ваш адрес получили от Данияра Абдыкадырова.  Мы знаем что он забирает двух детей на выходные. Есть еще такие, которые забирают детей на выходные?

- Пока мало таких. Есть наставники которые приходят занимаются. Ну пока что мало таких людей, хотелось бы что бы было больше людей которые приходили занимались и делали уроки вместе с детьми. Это было бы хорошо.

- Мы можем поговорить с теми родителями которые хотят усыновить?

- Они получили направление, они приходят, общяются. Только вчера одна женщина забрала девочку. Я не знаю она захочет поговорить или нет. Она только вчера получила разрешение забрать девочку домой и забрала. Она захочет или нет, я не знаю. Видите ли, здесь такая тема, понимаете?

- Да, понимаю. У вас реабилетационный центр. Это чем отличается от детского дома?

- Мы последняя точка перрю детским домом. Которая ищет для ребенка альтернативы. Вот нам попал ребенок, мы ищем родственников, работаем с мамами, что бы ребенок в детский дом не попал. А если уже не получается, все меры исчерпаны то уже ребенка направляем в детский дом.

- Мы можем получить у вас статистику Кыргызстана по сиротам.

- Ну это вам даст министерство по сиротам. Я могу дать только по нашему центру. А если по республике вам нужно обращятся в министерство социального развития.

- Сколько времени займет  собрание документов для усыновления?

- Кто за две денели делает, кто за месяц делает. Это зависит от человека и желания этого делать. Некоторые делают за неделю.

- Обычно это длится на год?

- Обязательно, ну как без этого. Как вы возьмете если не знаете. Ребенок тоже личность. Он знает что? как? он говорит. Поэтому здесь тонкая нить такая, здесь очень аккуратно с этим надо решать.

- Как Данияр Абдыкадыров забрать домой что нужно сделать?

-Тоже собрать документы. Показать что у них все нормально семья, может обеспечить у него есть возможность где ночевать чтобы у ребенка был уголок, чтобы условия были. И те же документы которые нужны для усыновления.

   P.S. Эгерде бала асырап алууну каалаган ата-энелер же болбосо, убактылуу дем алыш күндөрү үйүңүздөргө балдар үйүнөн балакайларды алып кетип мээримиңер менен бөлүшүп, келечекке карай тарбия-таалим бергиңиздер келсе анда административдик райондордогу үй-бүлөөнү жана баланы коргоо бөлүмүнө кайрылып, тийиштүү документтерди чогултсаңар болот. Бул процесске эң көп дегенде эки жума керектелет. Ал эми биротоло асырап алууну ойлоп жүрсөңүздөр анда бала менен көнүшүү, таанышууга убакыт керектелет.









скачать dle 11.3
Ой бөлүшкөндөр:
Ой бөлүшчү жер
Ваш комментарий:
Вопрос:* Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
Сайттагы бөлөк материалдар
Сайт жөнүндө

Бардык бул сайттагы колдонууга алына турчу материалдарды сайтка шилтеме берип алуу шарт. Материалдарды бөлөк интернет басмаларга көчүрүп алууда, сөсүз түрдө. Ачык, издөө системаларына ылайык болгон гиперссылка көргөзүлүшү керек. Материалдарды толук же жарым жартылай алууда шилтеме көргөзүлүшү зарыл. Гиперссылка (интернет басмаларында жайгашканда) теманын, аталыштын алдында же биринчи абзацтан кийин көргөзүлүшү шарт. Бардык укуктар корголгон.

Copyright © 2017

  • Рейтинг@Mail.ru