реклама

Регистрация

3 243
1
28-11-2017,18:56

"Экинчи аял тууралуу маек - От любви к ненависти один шаг!"

Белгилүү коомдук ишмер, продюсер, режиссер Муктар Атаналиев менен экинчи аял алуу тууралуу маек.


- Сөз башында "нике" деген эмне ошондон баштасак?
- "Нике" - бул жарыя. Башкача айтканда сен экөңдүн (аялы күйөсүнүн) мамилеңди элге жарыялоо. Элдер билиши керек бул адамдын никеси бар, эми бул адамга башка мындай бир эркек же аял тарабынан план түшпөшү керек, никеси жарыяланды. Бул аялдын күйөсү же эркектин аялы бар. Мыйзамдуу түрдө кудайдын астында дагы мамлекеттин астында дагы туугандардын астында дагы экөө бир үйдө жашаш керек болот, бири бирине милдет пайда болот, укуктар пайда болот. Өзгөчө милдет пайда болот, сен нике кыйдырдын эми сен буга жоопкеркерчиликтүүсүн. Эркекке минтип айтат, сен муну багышың керек, карашың керек, коргошуң керек, сен жубайыңа жакшы мамиле кылышың керек, көңүлүн оорутпашың керек, үйгө келишиң керек балалуу болсо балдарын карашы керек. Кыскасы финансылык бардык жагынан кам көрүш керек деген милдет коюлат. Аялга да милдет коюлат, сен жолдошуңдун айтканын угушуң керек, уруксаты жок бир жакка чыкпашың керек, төрөгөн балдарыңды тарбиялаш керек башкача айтканда нике менен милдет пайда болот. Бул кудайдын буйругу ал айтат үйлөнгүлө, көбөйгүлө жашагыла бала чакалуу болуп көбөйгүлө деп өкүм кылган. Жөн эле сураныч же үйлөнсөңөр болот нике кыйдырып же  кыйбасаңар деген маселе эмес. Ошон үчүн бул нике эки адамдын биригип жана бири бирине милдеттердин тагылышы.
- Экинчи суроом динде экинчи аял алат деген кандай каралат? 
- Мисалы, машинаны же болбосо бул телефонду япондор, корейлер чыгарды деп коелу. Ушул телефон же машина канткенде бузулбайт, канткенде жакшы жүрөт, муну бизге караганда ошону чыгаргандар жакшы билет. Ошол япондор тойота машинесин бизге караганда жакшы билет. Ушул сыяктуу эле адамдарга эмне пайда эмне зыян экенин, бизге караганда бизди жараткан зат жакшы билет. Ошон үчүн ал айтты, ооба деди... Эркектер көбүнчө көп ооруйт, согуштарда өлөт көчөдө мушташтарда, кыскача айтканда эркектер көбүрөөк өлумгө дуушар болот. Ошондой учурларда кайсы бир аял мындайча айтканда кароосуз калып калган болсо, ошол адамды кароосуна алып, мен жаш кызды сүйүп калдым дегени үчүн эмес балким улуубу, кичүүбү теңби айтор никеге муктаж, багууга. Биздин учурда жаш курагы өтүп турмушка чыга албай жүргөн жана эч кимге жашыруун эмес адам болгондон кийин эркек менен мамиле болушу керек, ошондой муктаждыктар чыкканда, силерге деп ошол эле куранда кудай таала айтып жатат "силерге экинчи, үчүнчү жана төртүнчү нкелерди курууга мен уруксат бердим" Бирок ортосунда теңдикти, адилеттүүлүктү камсыздасаң гана дейт. Анан эми никеси жок бул дүйнөдө канчалаган мамилени көрүп жүрөбуз. Ошол никеси жок мамиленин айынан бизде  ар кандай оорулар пайда болот. Өтө жаман жугуштуу оорулар пайда болуп жатат. Ушунун баары никесиз мамиленин аркасынан келип жатат. Бул адамдардын бири бирине сыйдан кетиши. Мисалы мен эркекмин, эркек катары билем, эгерде менин келинчегим мага чейин  эркектер менен маиледе болуп келген болсо, мен эркек катары айтайын, ошол менин эсимде өмүр бою жашай берет. А эгер таза кызга ошол бойдон үйлөнгөн болсоң, албетте анын сый урматы, даражасы өзүнчө болот. Ошон үчүн бул сөссүз түрдө эске алынышы керек. Эми баарыбыз эле кыз,уул тарбиялап жатабыз туугандар бар дегендей, баардыгы эле каалайт бир киши бир киши менен эле жашап үй-бүлө куруп ошол менен эле кошумча алымчасы болбой эле жашап кетсе дейт, баары эле. Бирок жанакындай шарт болуп калганда адамзаттын колунан кандай сунуш чыгат? Мисалы бир айылда элүү эркек элүү аялга үйлөндү деп коелу, дагы тогуз аял бош жүрөт, ошого кандай сунуш бар? эмне кылыш керек? Буга жооп табуу кыйын... же ошолордун бирөө тигилерге ойнош күтүш керек, бул өтө жаман нерсе же кудайдын алдында тазасы никеге туруу. Ошондуктан бул маселе чечилген маселе, эгер кимде ким бул экинчи аял алуу маселесине каршы болсо, болбой койсо аларды эч ким күнөөлөбөйт. Бирок ушул көрүнүш туура эмес десе бул кудайдын алдында каапыр болуп калат. Анткени ал адам кудайдын мыйзамына каршы чыкканы үчүн. 
- Айтылып калат, кыздарыбыз көп анан Россия бөлөк жерлерге чыгып кетип жатышат. Ошол кыздарыбызды чыгарбай бүлө кылып алып калсак жакшы болот эле деп...
- Мисалы, ошол эле мен жана айткандай, беш жүз кыз деп коелу. Алар сыртка чыгып кетти анын ичинен төрт жүз элүүсү кайрылып келип же ал жактан өзүбүздүн кырыгыздарга турмушка чыкты деп коелу. Бирок элүүсү сыртка чыгып кетип кандайдыр бир себептер менен турмушка чыкпай калып калды дейли, эми кыргыздын тарыхында болгон эмес элүү кыз же жүз кыз бир жерде башы бош калып калыптыр деген болгон эмес сөссүз түрдө никеде болушкан. Эми бүгүнкү күндө өтө коркунучтуу нерсе жыйырма, жыйырма беш, отузга чыгып кеткен кыздар сыртта жүрүп жатат. Муну мамлекеттик деңгээлде карай турчу маселе.
- Эми ушуну мамлекет карашы үчүн эки аял алуу мыйзамын мыйзамдаштырып берсе кандай деп ойлойсуз, себеби мыйзамдын жоктугунан териштирүү иштери жүрүп коомчулукка терс маанай бергендей. Балким мыйзамды кабыл алсак жесирлер, башы бош жүргөндөр азайып калат беле?   
- Кумтөр малелесин алсак, кумтөрдү түшүнгөндөр ошол маселе тууралуу туура чечим кабыл ала алат. Мунун кыргыздын келечегине пайдасы барбы  жокбу билгендер  гана туура мыйзам кабыл ала алат. Чала - була билгендер азыр кабыл ала албай жатат. Же ГЭС маселесин алсак ГЭСке байланышкан мыйзам чыгарыш керек болсо ошону түшүнгөн кишилер туура чечим кабыл ала алат. Эми биз айтып жаткан мыйзамды дагы кимдер кабыл ала алат? бул маселени туура тушүнгөн адамдар барса кабыл ала алат. Бул маселени туура түшүнө ала албаган адамдар отургандыктан, мен айтпайм баардыгы деп, ал жерде  балким он пайыз адамдар бул маселени түшүнүшү мүмкүн, никесиз жашоого болбойт, генофонд маселеси деп. Бирок сексен токсон пайызы андай эмес, түшүнбөйт бул маслени. Ошол эле биз айтып жаткан он беш, жыйырма пайыз аялдар түшүнгүсү келбейт жана  жыйырма, отуз пайыз советтер союзунун тарбиясын көрүп калгандар алар түшүнбөйт, батыштын тарбиясын алып келген депутаттар отурат алар бут тосот. Бул жерде он, он беш пайыз түшүнгөн депуттар кабыл ала албайт. Бул качан кабыл алынат, качан биздин жогоку кеңеште элүү пайыздан ашык нике маселесин, адал арам маселесин, жакшы менен жаман, ак менен кара маселесин түшүнгөндөр барган убакта кайсы бир күнү мындай маселелер тез эле кабыл алынат. 
- Экинчи аял боюнча, айрым чоң эле аялдар же жаш кыздар жолдошумду эч ким менен бөлүшпөйм, сүйүү каякта калат деп айткандарда бар. Же болбосо бирөөнүн экинчи аялы болууну кээ бирөө өзүн кемсинип сыяктуу да түшүнгөндөр кездешет алар жөнүндө оюңуз кандай?
- Биринчиден мен баягы чыгармачыл адам катары бул маселеге көп кайрылгам. Мен көп эле көрүп же кезигип жүрөм, жашоодо экөө кантип үйлөнүштү эле десе аябай сүйүшүп он жыл жүрүп  анан үйлөнгөн. Он жыл өтүп кетти, барсаң бири бирин анча сүйбөй калган.Эмне боду десен? Балдарыбызга өтүп кеткен сүйүүбүз деп калышат. Балдары уурдап кетиптир имиш... Жо-ок, балдарга жараткан балага болгон өзүнчө сүйүү берет, энеге болгон өзүнчө, ата мекенге өзүнчө, кудайга болгон анан эркек менен аялга болгон өзүнө бири бирине тийишпеген сүйүү берет. Эми ошону карап көрөлү. Өзүнчө сүйүү деп жатабыз, бул качан пайда болот? Анан чын эле эки же үч аял алып алган болсо, эгер чыныгы сүйүү бирөө эле болот десе, анда берки экөөнү сүйбөй эле алып алганбы же жашай бериш керекби деген суроо туулат... кечирип коюшсун, жакшы адамды, жакшы мамиле кылган адамды, бир эле киши сүйбөйтда балким жүз киши, миң киши сүйүшү мүмкүн. Адамдарга кайрымдуу, боорукер, сырткы ички дүйнөсү дал келген адамдар бар мейли миң киши жакшы көргөн. А шүмшүк адамдычы жалгыз аялыда жактырбайт, анан кана баягы сүйүү десен, ал жок болуп кеткен дейт жанында жашай берип тажап кеткенда, балдарга өткөн эмес, адамдын начардыгынан тажап кеткенде айтып коюшат балдарга өтүп кеткен деп. Ошон үчүн чыныгы абсолюттук сүйүү, бул кудай  менен адамдын ортосундагы сүйүү, андан ага жакыныраагы эненин балага, атанын балага болгон сүйүүсү. Андан башка сүйүу, орустар айтып коет го "от любви к ненависти один шаг" деп. Сүйүп жүргөн анан бир күнү карасаң жек көрүп калганда,,,
- кырылышып, соттошуп кеткендер барда...   
- Кырылышып кетип жатпайбы, анан кана сүйүү десең, ал жок болуп кетти дейт... каякка кетип калат ал? Демек бул жалган, болгон эмес жакшы көрүүнү сүйүү деп алган. Эми сүйүүгө келсек... Эркек менен аялдын ортосунда чыныгы сүйүү качан келет, мен жуз пайыз кепилдик менен айтам, эгерде аял Кудай айткандай Мухаммед пайгамбар көргөзгөндөй, аял эркекке эркек аялга мамиле кыла турган болсо ал эмес төрт аял боло турган болсо  дагы ортодо сонун сүйүү пайда болот. Адам өзү түшүнбөй калат аялын кантип сүйүп жатканын, албетте жараткан айткандай пайгамбар көргөзгөндөй жашашса мейли төртөөнү айтпай эле коелу ошол бирөөсү менен да таза сүйүү менен жашап кете алат. Эгерде өзүң каалагандай, өзүңө оюңа келгенди кылсаң анда сен эч качан жакшы мамиле, жакшы сүйүүгө жетпейсин.
- Мындайча айтканда, өзү каалагандай бирөөнү көрүп сүйүп калып аны менен жүрүп кетип анысы таштап кеткендер болотда, кайра башка менен жүрүп кеткен сүйүүлөр   - бул азгырыкбы же убакытты өткөрүүбү...
- Жок, жакшы көрүү болот. Себеби дегенде жараткан бизге жакшы көрүү сезимин берген, бизде ал сезим орнолгон, бир нерсени жакшы көрүп калабыз. Керек болсо, кыпкызыл алманы жакшы көрүп калышыбыз мүмкүн, машинаны, сулуу жылкыны жактырып калышыбыз мүмкүн анан албетте эркек аялды аял эркекти жактырып калышы мүмкүн, бир нерсеси жагып калышы ыктымал. Негизи айтып коет го жакшы көргөн адамыңдын итинда жакшы көрүп каласың деп андайда болушу мүмкүн. Бирок, качан биз жакшы көрдүк деп анын уй -бүлөлүк меселелер жок убагында өзүлөрүн сыпайы сезип, анын айтканындай болуп калган кезин  сүйүү эмес алдамчы болуп калышы мүмкүн. Пайгамбарыбыз ошон үчүн айтат адамдын ким экенин билгиң келсе аны менен жолго чык деп. Ошол сыяктуу эле үй-бүлө курулганда баары билинет, ошондо чалкасынан кеткендерда болот. Себеби турмуш башында кыйынчылыктар келгенде адам чыныгы жүзүн көргөзүп жиберет, анан ошол убакта адамдын көңүлү калып баштайт. Ушул учурда, кыйынчылык келген учурларда жараткан айткандай пайгамбар көргөзгөндөй мамиле жана сабыр кылып койсо эле, аялың өзүңө жагат, сен аялыңа жагасың укмуш болуп каласың. Аялыңды көргүң келип калат бири бириң менен сүйлөшкүң келип калат. Бул мыйзам ушундай, ошон үчүн жанагы мыйзам керек деп айтып жатам. Мен өзүм каалаган үчүн эмес, кудай таала каалаган үчүн. Ал эми жаратканга каршы чыгып алып биз каякка барабыз...? Сүйүү маселесинде мен өтө көп  көрүнүштөрдү көргөм, он жыл, беш жыл сүйлөшкөн, ал эмес сүйүү деп өз жанына кол салгандарды көрдүк. Керек болсо имараттан секирип кеткен балдарды көрдүк, өлбөй калган албетте, бирок кийин ал сүйгөнү менен бир жылда бирге мамилелери уланбай калгандар болду. Анан кана баягы секирип жаткан сүйүү? Ал жөн эле сабырсыздык, чыдамсыздык, түшүнбөстүк. Кээ бири ашепке кызганычтан эле секире берет сүйүүдөн эмес...
- аны башкалар сыртынан сүйүү экен деп түшүнүп алат,
- Ооба. Ошон үчүн бул жерде маселе чоң. Чет жерге кеткендер же убакыт сааты өткөндөр үчүн же сүйүп калганы үчүн турмушка чыгыш керек деген жалган. Албетте, бул жерде жакпаган адамга турмушка чыга бер деген сөз жок бул жерде. Башында жактырган бойдон ушул бойдон жашоо уланат деп түшүнүп албаш керек, жакшы болуш аста аста жаман болуш бир паста дегендей, адамга үч эле жолу жаман нерсени айттыңбы баягы сүйгөн адамың сүйбөй калат. Ошон үчүн этият болуш керек. Тескерисинче кудай таала жоктон бар кылып берет, эки адам нике менен үйлөнгөн болсо баягы ортодогу сүйүү өчүп баратканда да жараткан кайра сүйүүнү тутандырып коет. Сүйүү, пайгамбарыбыз айткандай үй-бүлөдө жашап баштаганда, сен караса, жараткан айткандарды так аткарып жатасың, бирөөнүн акысына колуңду салган жоксуң, калп сүйлөгөн жоксуң, орозо кармап, зикир берип жатасың, кудайдан коркуп жатасың, намаздарыңды окуп  жатасың анан андай адамды кантип сүйбөй коесуң, ал эми сырттан карап сүйүү эмес.
- Биринчи аял  анан экинчи аял жагын алып карасак айрым кыз келиндер бирөөнүн экинчи аялы болгонго көбү даяр эместей буга оюңуз кандай?
- Эгерде мамлекетте мыйзамдаштырып койгон болсок, муну биз  балдарыбызга кичинекей кезинен тарбиялай баштамакпыз, мыйзамда бар, куранда бар деп. Кызым, сен эми караба ага, бул ушундай ата бабабыздан келе жаткан биринчиден салт, экинчиден кудайдын мыйзамы сен даяр болгуң, сен биринчи аял болушуң мумкун үстүңө бир аял алынып калышы мүмкүн же сен бирөөнүн үстүнө барып отуруп калышың мүмкүн. Бул деген эч кандай терс, жаман көрүнүш эмес деп кичинекей кезинен даярдай баштамакпыз мыйзам бар болсо. Экинчиден мыйзым жагынан бекитилген болсо, адам өзү дагы баари бир барда мындай деп, адам өзүн даярдайт. Мен каршы чыкканым менен деле баары бир мыйзам мени колдобойт анткени мыйзамда уруксат. мага өзүмө эле минус болот күйөөм мени жаман көрө баштайт, жакшы эле көрүп жүргөн күйөм мени жаман көрө баштайт деп, аял сабыр кылып ошол учурдан өтөт. Анан ошол убактан сабыр кылып өткөнү үчүн жараткандын ыраазычылыгы үчүн чыдап койгон болсо кийинкисинде албетте жакшылыктар келе баштайт. Биринчиси кудайга жагат, экинчиси бул дүйнөдө күйөсүнө жагат. Эмнеге дегенде күйөсүнүн сый урматына арзыйт. Үчүнчүдөн анын бала чакасы сыйлайт, эмнеге десе апам сонун адам атамдын чечимине каршы чыкпайт деп балдары атасын уга баштайт анын аркасы менен апасын уга баштайт, ошентип баары орду ордуна келет. Мейли апасынын алтымыш жылдыгында дейли, ал жерде жакшы сөздөр айтылып жаткан болсо ал аялдын сабырдуулугу, күйөсүнө болгон жакшы мамилеси, эл алдында жакшы белгиленип бул жашоодо эле кадыр баркы абдан чоң болуп калат. Акыретте болсо сөссүз түрдө жараткан берет. Андыктан мыйзам кабыл алынса анын артынан көп жакшылыктар келет. 
- Ушул эки аял алуу мыйзамы кабыл алынса кыргыз элине кандай таасир тийгизмек эле, деги эле кыргызстандыктардын жашоосуна кандай роль ойномок? 

- Коом тазарат, никесиз мамиле токтойт. Анткени баардыгы никеде болот. Коомдун, өзүбүздүн дене түзүлүшүбүз тазаланат, башкача айтканда, башаламан никесиз мамилелер менен ооруларга жолугат, оору болсо адамды мүңкүрөтөт, атадан балага, энеден кызга дегендей өтө берет анан бул, жылдар - жылдар менен кыргыздын генофонддун бузат. Эгерде таза, нике менен кете турган болсо, ал жерде башаламан мамилелер токтойт дагы, таза коом жаралат, таза, акылы сергек балдар төрөлө баштайт, таза тарбия ала баштайт. Мисал келтирсем, атасы тамеки чегип туруп баласына тамеки чекпе дегени баласына таасир береби дегендей. Ошондой эле атасы бир туура эмес ишке кадам таштап туруп же никесиз мамилеге барып туруп анан баласына, балам ушундай кылба десе баласына таасир береби. Ошон үчүн коомдун тарбиясы дагы ушул мыйзамдардан көз каранды. Мен видео эксперименттен көрдүм, бир жоолук салынып турган кызга  бөлөк балдар тийише баштайт экен атайын жалжактап, анан мусулман балдар чогулуп калат экен кызга болушуп. Алардан эмне бул кыз силерге ким болот деп сурашса "она наша сестра" деп жооп беришти. Бул жерди карасаңар таза коомдун белгиси да. Мыйзам боюнча кудайдын мыйзамына шайкеш келген мыйзымдар кабыл алынса ал сөссүз коомго пайда берет.  Анан ошол кыздын ордуна кайра ачык кыска кийинген кызды коюшту агада балдар жалжаңдап тийише башташты ал кызга эч ким басып келип койгон жок.                                                   
                                                                                                                                                Мирдан Жунуш
скачать dle 11.3
Ой бөлүшкөндөр:
Гость odinEa
Это весьма ценное мнение --- Я бы не хотел развивать эту тему. эскорт услуга москва вакансии, эскорт услуги в москве для женщин цены и досуг девушки эскорт услугу москва

Прошу прощения, ничем не могу помочь, но уверен, что Вам обязательно помогут. Не отчаивайтесь. --- Конечно. И я с этим столкнулся. Давайте обсудим этот вопрос. акции мрт волгоград, айфон волгоград акции и Промо-акции в Волгограде автошкола волгоград акции
Ой бөлүшчү жер
Ваш комментарий:
Вопрос:* Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
Сайт жөнүндө

Бардык бул сайттагы колдонууга алына турчу материалдарды сайтка шилтеме берип алуу шарт. Материалдарды бөлөк интернет басмаларга көчүрүп алууда, сөсүз түрдө. Ачык, издөө системаларына ылайык болгон гиперссылка көргөзүлүшү керек. Материалдарды толук же жарым жартылай алууда шилтеме көргөзүлүшү зарыл. Гиперссылка (интернет басмаларында жайгашканда) теманын, аталыштын алдында же биринчи абзацтан кийин көргөзүлүшү шарт. Бардык укуктар корголгон.

Copyright © 2017

  • Рейтинг@Mail.ru