реклама

Регистрация

1 053
3
22-11-2017,17:44

Асел Калканова, салттуу билим ээси, кол өнөрчү: “Кыргыз кийимди жөн эле жылуулук же сулуулук үчүн кийген эмес”

Асел Калканова, салттуу билим ээси, кол өнөрчү: “Кыргыз кийимди жөн эле жылуулук же сулуулук үчүн кийген эмес”

- Асел айым, жакында эле Индия жергесинде болуп келген экенсиздер, ушул сапар туурасында маегибизди баштасак?
- Ооба, октябрь айынын башында Индиянын Нью-Дели шаарында болуп келдик. Иш сапарыбыз абдан ийгиликтүү, чыгармачыл маалыматтарга бай болду. Негизинен, Индия менен бул байланыш көпүрөбүз аяктап бараткан жылдын февраль айында эле башталган. Анда дагы кол өнөрчүлөрдүн фестивалына барган элем. Бул көргөзмөнүн уюштуруучулары менен ошондо сүйлөшүп, кыргыз дизайнерлеринин колунан эч кандай ийне-жип колдонулбай тигилген кийимдер жараларын айтып, фестивалга ошол кийимдерибиздин коллекцияларын көрсөтө аларыбызды сунуштаганмын. Албетте, алар таң калуу менен ийне-жипсиз кантип кийим тигилсин деп кызыгып, фестивалга чакырышкан. Ошентип Fashion Guru деп аталган бул фестивалда элечек баштаган улуттук этно костюмдарыбыз менен бирге Гүлмира Акматова, Бурул Мамбетова сыяктуу кыргыз дизайнерлеринин колунан жаралган, кийизден уютулуп жасалган кийимдердин коллекцияларын көргөздүк. Албетте, элечектерин ороп, шуру-шакегинен тарта чачпактарына чейин кыргыз аялзатынын кийинип жүрүү маданиятын, кыргыз аялзатынын уздугун, кол өнөрчүлүгүн көргөзүп келдик десем болот.
- Жогоруда бул иш сапар чыгармачыл маалыматтарга бай болгонун айтып өттүңүз. Чынында, улуттук дөөлөттөрүбүздү дүйнөгө даңазалоонун өзү эле чоң сыймык. Ошентсе да, эмне сыйлык, кандай алкыштарга татыдыңыздар?
- Жалпысынан коллекциябыз “Кыргыз көчү” деп аталды. Биз кыргыздын салттуу кийимдерин, индиялыктар өздөрүнүн салттуу кийимдерин көргөзүштү. Бул фестивалга биздин дизайнерлер, моделдер баарыбыз өтө чоң ынтызарлык менен бардык. Себеби, мындай дүйнөлүк фейшн-шоу деген нерселерге аралашуу жана андан тажрыйба алуу, деги эле мындай фестивалдар кандай өтөт биз үчүн абдан маанилүү болчу. Ага жараша жыйынтыгы да ийгиликтүү болду, буюрса. Модель кыздардын арасынан Айсулуу Усупбаева Парижге эс алууга жолдомо алды. Ал эми дизайнерлер дагы жакшы сунуш алдык. Индиялык дизайнерлер менен биргеликте Балиде өтө турчу чоң шоу-фестивалда артисттердин кийимдерин жасоо боюнча учурда келишимдер түзүлүп жатат.
- Кыргыз менен Индия элинин салттуу кийимдеринде кандай окшоштуктарды байкадыңыз? Эки элдин ортосунда кандай байланыш бар?
- Эң башкысы ар бир эл өзүнүн улуттук баалуулуктарын эстен чыгарбаганы. Албетте, чоң өзгөчөлүктөр бар. Кийинүү маданиятына келгенде эки эл тең нукуралуулукка басым жасайт. Ал эми бул эки элдин байланышы тууралуу айтсак, Индия текстиль өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыда турган өлкө. Бүгүнкү күндө биз элечек ороодо колдонуп жаткан пахта кездемелери дал ушул Индиядан алынып келинет. Анткени, ал кездемелердин курамы таза пахтадан тургандыктан жука жана өтө жеңил. Кезинде Улуу Жибек Жолу аркылуу кербендер ошол эле Индиянын да кездемелерин алып келишчү экен. Илгертен башталган бул байланыш бүгүн дагы уланууда.
- Эми сөздү жеке өзүңүзгө бургум келип турат. Кол өнөрчүлүк менен алектенгениңизге канча болду?
- Башынан эле улуттук баалуулуктарга өтө кылдат мамиле кылам. Бишкекке 1991-92-жылдары келип, С.Чокморов атындагы окуу жайдан билим алганмын. Жолдошум Улан Дербишалиев – скульптор. Экөөбүз эки уул, эки кызга ата-энебиз. Жолдошум дагы кол өнөрчүлүктөн алыс эмес адам болгондуктан мени дайым колдоп-коштоп турат. Уй-бүлөлүк бактыбыз дагы кол өнөрчүлүгүбүз менен тыгыз байланыштуу. Ортодо балдарымды чоңойтуп алуу үчүн убактымдын көбүн үй-бүлөмө бөлдүм. Бирок, ошол эле учурда окуп, изденип, маалымат чогултуп жүрдүм. Салттуу билим ээси катары бул ишке акыркы 7-8 жылдан бери билек түрө киришип, тынымсыз иштеп
келе жатам. Улуттук кийимдерибиздин кайсыл аймакта кандай кийилерин изилдедим. Кыргызстандын аймактарын, сырт жактан Мургабдагы, Түркиядагы кыргыздарга жолугуп келдим. Көчмөн элибиз тарыхтын ар кандай доорлорунда ар кандай алкактагы аймактарга отурукташып калышкандыктан, ар бир жердин кийими өзүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Салттуу кийимдерибиз ошонусу менен баалуу жана бай. Бирок, кыргыз кийимдеринин кайсыл жерде болбосун нукуралуулугу дайым сакталат.
- Көчмөндөр оюндарында катышып жүрөсүз, улуттук баалуулуктарга байланыштуу көп иштерде сизди көрүп калабыз, жетиштүү эле билим, тажрыйба топтоп калсаңыз керек...
- Акыркы кездердеги Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын уюштурулганы өз тамырыбызды бекемдөөбүзгө чоң салым кошууда дээр элем. Былтыр II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өзүм көлдүк болгондуктан, Көл жергесинин атынан чыктык. Анда Ак-Суу районунун энелеринин айтып берүүсү боюнча элечектерин ороп, кийимдерин кийгизип, кооздуктарын тактым. “Этно кийимдер” номинациясы боюнча баш байгеге татыктуу болдук. Улгайган апалардын көзүн көрүп, алардын айткандарын кунт коюп угуп, кайсы уруунун элечеги кандай оролоорун билип калсак дейм. Алар ошол баалуулуктарды алып жүрүүчүлөр болгондон кийин ал маалыматтарды кайра кийинки муунга айтып, жеткирүүгө биз милдеттүүбүз. Учурда “Шайыр апалар” долбоорунун катышуучуларынын элечектерин ороо боюнча чакырышып, ороп берип, билгенимди көрсөтүп берип жатам. Албетте, билим-тажрыйба мына ушундай тынымсыз эмгек, талбас мээнет аркылуу топтолот.
- Кыргызда айтып-дедирбестен кыймыл-аракет, мамиле аркылуу эле көп нерсени түшүндүрүп турган асыл сапаттар бар эмеспи. Мисалы, устукан тартуу менен эле, адамдын кадыр-баркын, жаш-курагын аныктаган сыяктуу, кийим кечеге байланышкан кандай сырлар бар?
- Кыргыз эли кандай күндөн кандай күнгө жетти деген нерсени дайым ойлонушубуз керек. Мисалы, мурдараак тартылган кыргыз кинолорунан айрылган-жыртылган кийим кийген кыргызды көрүп, кейичүмүн. Албетте, кинонун идеологиясын түшүнүп турсам дагы жыртык кыргыз кийимин тасмада көргөнүмө капа болуп, көңүлүм ооруй берчү. Бирок, качан гана кыргыздын салттуу кийимине, салттуу баш кийимине баш багып, аны изилдеп баштаганда дүйнөдөгү эң эле кооз, эң эле өзгөчө кийим кыргыздардыкы экенине ынандым. Мисалы, кыргыз кызы дайыма беш көкүл чач менен жүргөн. Ал эми турмушка чыгаарда бир башың эки болду деп, чачын экиге бөлүп өрүп, чачпагын байлап, элечегин кийгизип узатышкан. Демек, элечек күйөөлүү аялдын баш кийими болуп эсептелген. Кыз канча жашында күйөөгө тийсе, ошондон тарта элечек кийген. Ошондуктан, кыраакы кыргызда “кыздын жашын сурабайт” деп айтылат. Ошондой эле, элечектин дагы түрлөрү болгон. Мисалы, кетип бараткан көчтөн элечектин көлөмүнө жараша байбиченин, токолдун, күңдөрдүн ким экени аныкталып калган. Эркектердин калпагы дагы жээктелгени, жээги жогу жана саймасынын түрлөрүнө жараша белгилер ал инсандын жаш курагын, кадыр-баркын билдирип турган. Кыргыз кийимди жөн эле жылуулук же сулуулук үчүн кийген эмес. Кыргыздын салттуу кийими көп маани-маңызды, философияны өзүнө камтып турат.
- Тарых үчүн, улут үчүн өтө маанилүү ишти аркалап жүрүп, кандай окуяларга туш болдуңуз?
- Жакшы суроо болду. Кызыктуу дагы, кайгырткан дагы дагы, сүйүнткөн дагы окуялар өтө көп болот. Былтыр Тилек Султан деген кытайлык кыргыз бала менен жолуктум. Седепкан деген чоң энеси жөнүндө айтып берди. Ал эне Үркүн маалында кичинекей жаш кыз экен. Ысык-Көлдөн Кашкарга сатып алып кетип, иштетип жүргөн жеринен алайлык Султан деген кыргыз атабыз “ушул кыргыз кызы экен”, - деп сатып алат дагы багып чоңойтуп, кийин өзүнүн баласына баш байлаптыр. Ошентип Седепкан апабыз 7 балалуу болуп, Кашкарда жашап калышыптыр. Небереси Тилектин айтуусунда:
балдарынын кийимин жууп, кирдин суусу көгөрүп калса ошону карап алып, Ысык-Көлүн эстеп, “Менин ушундай жерим бар, көлүм бар”, - деп көлүнө кошок айтып ыйлачу экен. Кашкарда элечектин каляк деген башкача оролгон түрүн кийишет. А Седепкан апабыз карыган кезинде кадимки көлдүктөрдүн түндүк элечегин кийип алчу экен. Аны көрүп, апабыз алжып калды, элечекти башкача ороп кийип алды деп ойлошчу экен неберелери. Ал эми ал жактагылар бир гана калякты көрүп жүргөнгө элечектин мындай башкача оролгон түрү бар экенин билишпептир. Көрсө чоң энеси кичине кезинде апаларынын кийген элечегин эсинен чыгарбай, өз эл-жеринин маданиятын, жөрөлгөсүн жасачу экен. Ушул сыяктуу көп кызыктуу маалыматтарды айтып берген кытайлык Тилек Кыргызстанга алгач келгенде, “Ысык-Көлдү көрүп, мен ошондогу энемдин таштектеги көлүн көрдүм, мен энеме ошондо ыйладым”, - деп жатпайбы. Атайын Седепкан эненин элечегин (калягын) ала келген экен, “биз жакта элечектин ушундай түрүн кийишет, аздектеп ала жүрүңүз”, - деп мага тапшырды. Ошондой эле Көлдөгү бугу уруусунун дагы бир баалуу табериги менин колума тийди. Сураштырсам, Көлдүн Сары-Камыш айылынан Муталипова Нагима деген апа Кыдыр акенин кийимдерин тиккен Фатима деген апанын чачпагын берип жибериптир. Атайын ушул табериктин кадырын билген кишинин колуна тапшырайын деп сактап жүргөн экен. КТРКнын Маданият каналынан улуттук кийимдер тууралуу көрсөтүүсү аркылуу мени көрүп, атайын берип жибериптир мага. Бул Нагима апа Ч.Айтматовдун апасы менен аталаш тууган болуп кетет экен. Нагима деген аты дагы Айтматовдун апасынын атынан коюлуптур. Ошентип, Кыдыр акенин урпактарына таандык чачпак учурда менин колумда.
- Элибиздин улуттук тамырына кайра кайтуусу жана андан алыстабашы үчүн зор эмгек жасап жатып, эл арасында кандай көйгөйдү көп кезиктирдиңиз? Сизди түйшөлткөн маселе барбы?
- Учурда мен үчүн көйгөй - шаарда төрөлүп-өсүп, чыныгы кыргыздык сапаттардан алыс калган “киргиздер”. Бул бүтүндөй элибиз үчүн көйгөй. Орусча сүйлөшөт, бирок кыргыз тукуму. Кыргыз дейин десең, кыргызчылыктан түк түшүнүгү жок. Буюрса, бул жаатта дагы жасай турган иштерим, алдыга койгон пландарым бар. Бир-эки кыргызга болсо дагы кыргыз өзүнүн ким экенин унутпай жүрүүсүнө салым кошуу - негизги максат. Ал эми улуу кыргыз элибиздин байыртан берки жашоо маданияты өтө уникалдуу. Ошол өзөктөн алыстабай жашоо кыргыздын дүйнөдөгү канчалаган элдин катарында өз ордун, улуу тарыхын, бай маданиятын сактап турат. Улуттук баалуулуктарды унутпай улантып кетүү ар бир кыргыздын милдети. Бирок, айрымдарыбыз аны иш жүзүндө изилдеп, унутулгандарын кайра жандандырып, эл арасында иштөөбүз керек. Тарыхка карасак, бирде кокондун, бирде орустун, кийин батыштын таасири менен элибиз жашоо агымында улуттук баалуулуктардан алыстаган. Ортодо улуттук кийимдерди кийүү дээрлик жок болуп барып, кайра жанданды. Анын жанданышына ошол эски муундун өкүлдөрү болгон аталарыбыз, апаларыбыз себепкер. Андыктан, алардагы көөнөрбөс дөөлөттөрдү өзүбүзгө сиңирип, кайра кийинки муунга берүүбүз керек.
- Алдыда дагы бир иш сапарга жол алганы жатыпсыз, ошол туурасында азыноолак кеп сала кетсеңиз?
- Буюрса, декабрь айынын башында Түркияда өтө турчу “Эл санаттары” фестивалына жөнөгөнү турам. Түрк элдеринин маданияты, каада-салты окшош келгендиктен мамиле алышып, тажрыйба алмашалы деген максатта бирге иш алып баруу тилектер бар. Бизде кийиз буюмдары сыяктуу аларда таар токуу жакшы өнүккөн. Буюрса, салттуу билимге салымын кошкон жакшы иштерди жаратып келебиз деген ишеничтемин.
- Маегиңиз үчүн рахмат. Ишиңизди дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн.
                                                                                                                                          Гүлайым Шүкүроваскачать dle 11.3
Ой бөлүшкөндөр:
Гость osflorLimi
Могу порекомендовать зайти на сайт, на котором есть много статей по этому вопросу. --- ух ти... заказ ковки в буе, кованые кровати нея а также художественная ковка на заказ в костроме русская ковка в галиче

класс 10балов --- Какие нужные слова... супер, блестящая фраза майнкрафт читы креатив, чит майнкрафт wurst или скачать nodus майнкрафт онли чит
Гость rartioKi
Бесподобная тема, мне интересно :) --- Предлагаю Вам зайти на сайт, на котором есть много информации по этому вопросу. mp3 h без регистрации, реп mp3 без регистрации или зайцев нет бесплатно скачать музыку zombie mp3 без регистрации

И так тоже бывает:) --- философски так... seven gadget, браузеры для windows 7 скачать или вечный календарь скачать бесплатно скачать бесплатно видео кодеки для windows xp

Какой замечательный вопрос --- кул беру интересно! энерго насосы екатеринбург, тк энерго екатеринбург или flexvent пик энерго екатеринбург
Brusanwaw
Народ кто желает играть в современные игры на самых высоких настройках с динамичными теняими даже на самых слабых ПК или ноутах. Без лагов и фризов (Но нужен более менее нормальный инет). Читайте статья по настройке компа здесь. Видео по установке и настройке смотрите тут. Играю уже пол года на ведре 2005 г. Буду рад кому помог разорить буржуев игровой индустрии!!!
Ой бөлүшчү жер
Ваш комментарий:
Вопрос:* Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
Сайт жөнүндө

Бардык бул сайттагы колдонууга алына турчу материалдарды сайтка шилтеме берип алуу шарт. Материалдарды бөлөк интернет басмаларга көчүрүп алууда, сөсүз түрдө. Ачык, издөө системаларына ылайык болгон гиперссылка көргөзүлүшү керек. Материалдарды толук же жарым жартылай алууда шилтеме көргөзүлүшү зарыл. Гиперссылка (интернет басмаларында жайгашканда) теманын, аталыштын алдында же биринчи абзацтан кийин көргөзүлүшү шарт. Бардык укуктар корголгон.

Copyright © 2017

  • Рейтинг@Mail.ru