реклама

Регистрация

742
2
17-11-2017,14:05

17 - ноябрь студенттердин майрам күнү. Санжар Энназаров студенттик кездеги максаттарына жеткенби.

Жеке ишкер Санжар Энназаров, "Студенттик күндөрдө келечекте өз мамлекетибиздин гүлдөп өсүшүнө салым кошсок экен деп билим алдык".

Мирдан Жунуш. Санжар мырза, Сиздин студенттик кездерден айтып берсеңиз?
Санжар Энназаров. Менин студенттик жылдарым Турциянын Эсхишехир шаарынын Анадолу университетинин юридикалык факултетинде окугам. 1993 -2000 жылдары. Ал жакта бул жактан өзгөчөлөнүп студенттик майрам деген жок болчу.
Ар бир күн ата мекенге болгон кусабыз күндөн күнгө күч болчу. Жакшылап билим алып киндик кан тамган жерибиздин өнүгүп өсүшүнө салымыбызды кошсок экен деп билимге сугарылып жаттык.
Эми бүгүнкү күндө Турцияда окуп келген студенттер Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошуп жатышат. Ар кандай тармакта, жеке бизнес ишкерчилигинде, пайдалары арбын. Россияда Украинада, орто азияда биз менен бирге бүтүп келген студенттер чоң кызмат, бизнес жааттарында иштеп орустар менен түрктөрдүн ортосунда досчулукту бекемдеп эмгектенишүүдө.

- Студенттерге болгон кеңешиниз?
- Кеңешим, өзүлөрүнүн сүйгөн кесибин жакшылап тандап, активдүү жашоо кылыш керек. Тил үйрөнгүлө, спорт менен машыккыла. Мен студент кезимде көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Университеттин шахмат боюнча эки жолку чемпиону болдум, бокстан окуу жайдын намысы үчүн көптөгөн беттештерге чыктым. Футболдонда бир катар чемпиону болгонго жетиштим. Эптеп эле диплом алсам болду дегенден алыс болуңуздар. Кийин жумушка келгенде силердин билген жөндөмүңөргө көңүл бурулат.
- Студент кездердеги элиңиз үчүн пайдам тийсе экен деген кыял, максатыңыз боюнча, бүгүнкү күндө кандай реалдуу түрдө иштерди жасадыңыз?
- Биринчиден мен өз өлкөмө эч кандай зыян тийгизбедим. Алдыда, мен сөзсүз Кыргыз Республикасынын гүлдөп өсүшүнө чоң салымымды кошомун.
Бардык студенттерди бүгүнкү студенттер майрамы менен куттуктайм! Силер мамлекеттин келечеги болосуңар.
скачать dle 11.3
Ой бөлүшкөндөр:
Айназик
Кайрымдуулук иштерди кылыптырбы, дед.домдорго
Brusanwaw
Народ кто хочет играть в современные игры на самых высоких настройках с динамичными теняими даже на самых слабых ПК или ноутах. Без лагов и фризов (Но нужен более менее нормальный интернет). Читайте статья по настройке компа здесь. Видео по установке и настройке смотрите тут. Играю уже пол года на ведре 2005 г. Буду рад кому помог разорить буржуев игровой индустрии!!!
Ой бөлүшчү жер
Ваш комментарий:
Вопрос:* Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
Сайт жөнүндө

Бардык бул сайттагы колдонууга алына турчу материалдарды сайтка шилтеме берип алуу шарт. Материалдарды бөлөк интернет басмаларга көчүрүп алууда, сөсүз түрдө. Ачык, издөө системаларына ылайык болгон гиперссылка көргөзүлүшү керек. Материалдарды толук же жарым жартылай алууда шилтеме көргөзүлүшү зарыл. Гиперссылка (интернет басмаларында жайгашканда) теманын, аталыштын алдында же биринчи абзацтан кийин көргөзүлүшү шарт. Бардык укуктар корголгон.

Copyright © 2017

  • Рейтинг@Mail.ru