реклама

Регистрация

707
0
25-10-2017,18:33

Бишкек - сүйүктүү шаарым. “Күркүрөгөн күздүн көркүн бузган кагаздар”.


- Саламатсызбы?  Мен журналист болом. Сизге шаар тазалыгы боюнча бир суроо  берейин. Аялдама жана көчөдөгу мамыларда ирээтсиз жабышкан кагаз жарнактарга оюңуз кандай?
- Кечир, мен көрбөйм  деле. Көңүл бурбаймын аларга!  Мындай майда барат мени ойлондурбайт, мага көбүнчө глобалдык маселелер ойлондурат... Ким бул тармакта иштесе, ошолор  “кир болуп турат деп ошолор ойлонсо керек, булганыч”  деп.  Ал эми  ар ким өз жашоосу менен  алек, жеке мени ойлондурбайт.
- Бирок, шаардын көркүн бузуп жататда?
- Ну, вот и занимайтесь этим.
- Рахмат. Аты жөнүңүз ким?
- (жообу) Эже... –деп маектешим жолун улады.
Цивилизациянын денгээлин  аныкташ үчүн, анын жашоочулары канчалык,  айлана чөйрөдөгү тазалыкка болгон мамилесинен билсе  болот. Жөн жеринен байыркы ар түрдүү маданияттардын жетишкендиктерин изилдешкенде “алар өз  тазалыгына кандай  көңүл бурушкан” деп окумуштуу тарыхчылар баа беришкен. Миcалы алар көчөлөрүн тазалашканбы, жеке гигиеналары кандай болгон. Канализациясы бар болгонбу.
Бүгүнкү күндө тазалык жагынан мыкты көргөзгүчкө жеткен өнүккөн өлкөлөрдүн бири  Сингапурдун айрым көчөлөлүндө таштанды челекчелеринин жанында тамекинин гүлүн чөнтөк үкөкчөсүнөн арылып жаткан жарандарын көрсөк болот. Мындай көрүнүшкө жетүү оңой болгон жок. Чоң суммадагы айып пул салуу менен жана мыйзам кынтыксыз аткарылгандыктан жыйынтык болду. Азыр система өз үзүрүн берүүдө. Сингапурдун көчөлөрү абдан таза жана жагымдуу.

Көчөдө кетип баратып кагаз таштаса миң доллар айып пул салынат. Тамекинин калдыгын ыргытса беш жүз сингапур долларына айыпталат. Шаардын тазалыгын  полиция жана жарандык кийимчен тартип коргоочулар көзөмөлдөйт.
- Саламатсызбы? Атыныз ким?
- Саламатчылык. Атым Жибек (студент)
- Бул аялдамадагы баш аламан, булганыч  көрнөк жарнактарга Сиздин оюңуз кандай?
- Мен Казакстанда болгом ал жакта ар бир аялдамага жарнак  чаптаганга тыю салынган. Аларга бизди салыштырсак биздики аябай эле көркү бузулуп турат десек болот.
- Кайсы шаарында болдуңуз  эле?
                                                              Астана. 
- Астанада.  Алардын аялдамасында мындайлар илинбейт ар дайым таза турат.  Кайсы автобус, кайсы номер  каяка барат, кенен маалымат катары жазылып турат.  Өнүккөн. Биздики адамга жагымсыз эле көрүнөт. Мыйзам керек  кагаздарды чаптап шаар көркүн бузгандар үчүн беш миң сом айып пул салынса менимче  мындай көрүнүштөр жоюлат.
- Рахмат.     –  Эч нерсе эмес.
Биз материалды даярдап жатканда көчө кыдырып Бишкек шаарыбыздын борбордук аянттан Ош базарга чейин басып келдик. Чындыгынды кадам баскан сайын эле мамыларда, имарат боорлорунда, аялдамаларда башалман, айрылып тытылган кагаз жарнактарын ар ким башы оогон жакка иле бергендигин көрүүгө болот.  Бишкектин  четин айтпай эле коеюн, так борборунан тарта эле мындай шаардын көркүн бузган жарнак кагаздар басып кеткен. Албетте шаар тургундары шаардын тазалыгын ойломок тургай, өз жумуштары жашоолору менен алек. Бул боюнча шаардын өнүгүүсүнөн баштап тазалыгына чейин тээлеген бул айланып келип эле мэрияга такалат. Ош базарынын тегереги бүт, чапталган кагаздарга толгон.

Базарда киши көп болот деп ой келди жерлерге чаптай берген, шаардын көркүн бузуп. Тескерисинче ошол базар, кишилер көп болгон жерлерде тазалык  орун алынышы абзел. Көпчүлүк, таза тыкан жерлерде жүрсө өзүлөрүнүн көркүнө көрк кошуп койгондой сезим калтыраары талашсыз. Булганыч жерден адамдарыда ого бетер артка кеткендей. Ош базары биздин экинчи борбор болгон шаарыбыздын атынан аталганы экенин эстен чыгарбай, тазаланалы.

 Кыргыз мамлекетинин борбору болгон Бишкек шаары канчалык таза болсо, биринчиден  мектепке шаар аралап бараткан окуучуга оң таасир берет. А, жашоочууларга жумуштарына баратканда келе жатканда, көчөдө сейилдеп жүргөндө аларды ар бир мамыда, аялдамада чапташкан көрнөк жарнак сөрөйлөр аңдып турса өтө эле жагымсыз көрүнүш. Таза, көк, кооз болсо даңктуу шаарыбыз менен дагы бир жолу сыймыктанууга жол ачылат.
 Ташкент, Ашхабад  Баку калааларда  жана башка КМШ борборлорунда биздикиндей ырайымсыз шаарды басып кеткен ар кайсы жакка чапталган “кагаз – магаз” көрүнүштөрдү көрүүгө мүмкүн эмес. Борбордун тазалыгын көрүп анан туристтерден, эммигранттардан  сый мамиле күтсө болот. “Эшигин корүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал” деп ата бабабыз жөн жеринен айткан эместир.
- Ассалам алекум, атыңыз ким болот байке?
- Алекум ассалам! Атым Сейитмаматов Кубат Абдымаматович (1966-ж туулган)
- Байке, азыр биз шаардын борборунда турабыз “Россия” кино театрынын жанында. Бул аялдамада жана жанындагы мамыларга чапталган, айрылган кыскасы  айырмасы жок болуп калган кагаздарга  оюңуз кандай?
- Чынын айтканда, мына бул көрүнүш аябай  туура эмес. Шаардын борборунун орто ченинде, тазалык деген жок. Тазалык уюму иштеп жатса керек бирок жетиштүү эмес. Шаардын мэри  чынын айтканда тазалык боюнча начар иштеп жатат. Бишкек деген негизи таза шаар болушу керек бөлөк шаарларга күзгү болуп.

- Ассалам алекум, атын ким болот? Шаарды булгаган  ар кайсы жерде чапталган жарнак сөрөйлөргө оюң кандай?  
- Алекум ассалам. Атым Айдин. Аларга оюм деле жок. Ооба бирок начар көрүнүш. Эгер бул мамыча анан жол белгиси эле турганда таза, оң көрүнмөк. Негизинен  мен аларды карабайм деле. Көрбөйм.
- Анда, Сенин үйүндүн дарбазасында ушундай “требуется активные пенсионеры” деген сыяктуу кагаздарды чаптап кетсе эмне кылмак элең?
- Мага жагымсыз болмок...
скачать dle 11.3
Ой бөлүшкөндөр:
Ой бөлүшчү жер
Ваш комментарий:
Вопрос:* Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
Сайт жөнүндө

Бардык бул сайттагы колдонууга алына турчу материалдарды сайтка шилтеме берип алуу шарт. Материалдарды бөлөк интернет басмаларга көчүрүп алууда, сөсүз түрдө. Ачык, издөө системаларына ылайык болгон гиперссылка көргөзүлүшү керек. Материалдарды толук же жарым жартылай алууда шилтеме көргөзүлүшү зарыл. Гиперссылка (интернет басмаларында жайгашканда) теманын, аталыштын алдында же биринчи абзацтан кийин көргөзүлүшү шарт. Бардык укуктар корголгон.

Copyright © 2017

  • Рейтинг@Mail.ru