реклама

Регистрация

1 791
1
20-10-2017,13:45

Жаш коомдук ишмер Орозайым Нарматова: “ Бакыт – бул адам болуу”

Көч бара бара түзөлөт. Кыргыз мамлекетинин буттан турушуна өз салымын кошуп, тажрыйба топтоп, өсүп келе жаткан каарманыбыз Орозайым Нарматова менен маек.

Мирдан Жунуш. Саламатсызбы, Орозайым! Маекти Сиздин балалык чагыңыз кайда өткөн ошондон баштасак?
Орозайым Нарматова. Саламатчылык, мен ордолуу Ош облусунун Өзгөн районунун Жейренче айылында балалык кезим өттү, көпчүлүк учуру. Балалыгымды айтып өтсөм мен өзүм карапайым үй бүлөнүн кызымын, атам кадимки электрик, апам болсо мектепте мугалим болуп иштечү. Балалык кезимде эң баалаган нерсе – бул мен курактуу кыздар, балдардын көпчүлүгүнүн ата энеси сыртка эмгектенгени чыгып кетип, алар абдан куса болуп жүрүшчү. А менин баалап эстегеним ата энемдин ар дайым жанымда болгондогусу болду. Анан балалыгымда биз кара нан, жейбизби ак нан жейбизби, ошону тең бөлүп жеп, биз ар дайым бирге жүрдүк. Дагы мен баалаган нерселердин бири – бул мен төрөлгөндөн тарта, мага чейин токсонунчу жылкылардан баштап, Кыргызстандын өзүнүн эгемендүүлүгүн алгандагысы болду. Мен Кыргызстан деген эгемендүү өлкөдө төрөлгөнүмө абдан кубанам.
- Сиздин коомдук иштерге катышып жана аралашып калууңузга эмне себеп болду?
- Балалык учур менен эле бактылуу болуп жүрө бербейт экен адам. Мен деле кадимки ушул кыргызстандын жаштарындай эле мектепти бүткөндөн кийин ар кандай ойлор жаралды. Кайсы жакка окусам экен деген, анан тесттен жакшы бал алдым.  Борбор калаабызга  окууга тапшырсам, мен ата энемди, бир туугандарымды кыйнабай, окуп да, иштеп да ийгиликтерге жетсем болобу деген ойлор жаралып Москвага кеткенмин. Ошол жакка барып, окууга тапшырып, ал жакта үч жыл окудум.  Окуп жүргөндө, абдан көп мигрант кыргыздарды көрүп, ошол жерден менин мекенчилдик сезимдерим ойгонду. Эмне үчүн биздин жаштар коңшу Казакстандын жаштарындай кычырап окуп.  Же эмне үчүн биз бизнес кылганга келбейбиз Россияга, биз көп болуп барып акчага жалданып иштейбиз, эмне үчүн кыргыздар ушундай көп – көп болуп жашашат деп ушундай ойлор жаралып, мекенчилдик сезимдерим абдан күчөдү.  Анын үстүнө мен абдан кооз айылда, абасы таза, суусу тунук жерде өскөндүктөн мен Кыргызстанды ушунчалык сагынып, мекенге болгон кусам, мекенге болгон сүйүүм күчөп. Ошондон улам менде мекенчилдик сезим жаралып, ата мекен тууралуу ойлонуп баштадым. Чет мамлекетте окуган, Америкада жүргөн Германияда, Японияда окуган өзүм сыяктуу жана эмгек мигранттары менен биргеликте “Жаштар коому” коомдук  бирикмесин 2013 жылы ачканбыз. Ошол жылы эле “Эркиндик” деген сайтты түптөп, ошол учурдан баштап коомдук иштерге аралаша баштадым.
- Мекенчил партиясына эмне себептен кошулуп калдыңыз эле?
- Мекенчил партиясы тууралуу айтып кетсем. Негизи бул партия ак сакал атабыз атынан ачылган партия болчу. Ал эми 2014-жылы эсиңизде болсо, жаштар жаңы муун деген кыймыл түзүп, ошол жерге чогулушкан. “Тезек пром”, “Шералынын чокою” деген акцияларды өткөрүшкөн. Ошол жаңы муун демилгелеген, кыргыз газдын бир долларга сатылганына каршы биз дагы Ошто пресс конференция бергенбез. Ошондон улам эле жаштар сүйлөшүп отуруп, тажрыйбалуу саясатчылар менен кеңешип жатып Мекенчил партиясынын 2015-жылы 17- февралда ачылуу асемин кылганбыз. Негизи бул жакка тартылганымдын себеби, таза, жаңы  жана кыргыз элине кыянатчылык кылбаган адамдарды чакырабыз деген максатда партия түптөлгөн. Алгачкы күндөрүнөн баштап өзүмдүн эмгегимди кошуп келем аталган партияга.  Башынан эле командада Төрөхан Жунусбаев, Мелис Аспеков, мен жана бир кыз болуп биргеликте пресс конференция берип, ал жерге белгилуу Мелис Мырзакматов, Жылдыз Жолдошева, жалпы бөлөк таза саясатчыларды чакырганбыз, Садыр Жапаров баш болгон. Ошол сунуштардан бир гана Садыр Жапаров бизди сыйлап, жаштарга мен кошулам силер менен биргеликте кетем деп кабыл алган. Мына ошол 2015 – жылдан бери Мекенчил партиясынын мүчөсүмүн. Партиянын долбоорлорунун жакканы, элдик бийлик орнотуу жана курултай институтун киргизүү.
- Жакында эле көптөгөн "таза шайлоо" деген акцияларга катыштыңыз, шайлоо да өтту. Өзүңүз үчүн кандай тажрыйба алдыңыз?
- Таза шайлоо жана сөз эркиндиги боюнча 5 – сентябрда Ош калаасында жыйын өткөргөнбүз.  Жыйынга оппозициялык маанайдагы  коомдук активистер, экс депуттар,  катышты. Тажрыйба боюнча айтканда борборлордо эле ич ара  чоңдор жолугуша бербестен элге чыгып, эл  менен тыгыз байланышта иштешсек   ошол көп коомго пайда алып келээрине ынандым. Арыктан суу ичип, катуу нан жесек дагы жолдордун узактыгына да карабай эл менен гана байланышта болуш керек экен. Ошондо гана жарандарга туура маалымат жетип биз алардан да туура малымат алат экенбиз.
- Үйдөгүлөрүңүз, Сиздин  коомдук иштерге катышып жүгөндөрүңүзгө кандай карашат?
- Негизи мен коомдук иштерге, жеке кызыкчылыгым үчүн катышып калган эмесмин. Ушул коомдо болуп жаткан көйгөйлөр мен ойлойм жалпы кыргыз жарандарынын көйгөйү болуш керек депчи.  Ошондой эле Кыргызстандагы көйгөй менин ата энемдинда көйгөйүда. Өздөрү деле жардам берет кош колдоп  колдойт. Туура эле багытта баратасың деп айтышат. Чындыкты ар дайым колдошот жана ошондой эле  чындыкты айтып келген саясатчыларды мурдатан эле колдоп келишкен.
- Аял кишинин бакыты деп эмнени айта аласыз?
-   Аялдык бакыт деп эмнени айта алам.  Адамдык, инсандык бакыт – бул биринчи Кудайды таанып билгендигинде жана ошондой эле туура жолдо, түз жолдо адашпай жүргөнү чоң бакыт.  Айрымдар напсисине алданып, акчанын, кызыкчылыктын, кулу болуп калып жатпайбы. Мен ойлойм ошол напсиге баш ийбей, акчага, башка кызыкчылыктарга азгырылбагандык бул чоң бакыт деп эсептейм. Ал эми үй бүлөлүү болуп жакшы турмуш күтүү бул катардагы бакыттардын бири. Негизи адам болуу бул чоң бакыт.скачать dle 11.3
Ой бөлүшкөндөр:
Эржан
Адамгерчиликтуу айым экен
Ой бөлүшчү жер
Ваш комментарий:
Вопрос:* Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
Сайт жөнүндө

Бардык бул сайттагы колдонууга алына турчу материалдарды сайтка шилтеме берип алуу шарт. Материалдарды бөлөк интернет басмаларга көчүрүп алууда, сөсүз түрдө. Ачык, издөө системаларына ылайык болгон гиперссылка көргөзүлүшү керек. Материалдарды толук же жарым жартылай алууда шилтеме көргөзүлүшү зарыл. Гиперссылка (интернет басмаларында жайгашканда) теманын, аталыштын алдында же биринчи абзацтан кийин көргөзүлүшү шарт. Бардык укуктар корголгон.

Copyright © 2017

  • Рейтинг@Mail.ru