реклама

Регистрация

1 308
2
10-01-2018,16:54

Режиссер Дастан Жапар уулунун Австралия Брисбендеги маеги. "адам кайсы жакка барбасын, кайсы жакта жашабасын, ал өзүнүн тегин унутпашы керек"


Кыргыз киносу “Атанын керээзи” беделдүү кино сыйлык  APSAда  көргөзүлдү.
23 –ноябрь Брисбен,  Австралияда,  Азия -  Тынч океан чөлкөмүнүн кино академиясынын  жеңуучүлөрүнүн 11-чи  беделдүү  сыйлык тапшыруу асеми жыйынтыкталды. (APSA)
Кино сыйлык APSA  Азия – Тынч океан чөлкөмүнүн  киночулары тарабынан жаралган ири залкар тасмаларды тандайт. APSAнын кино дүйнөсүндөгү ордун баалоо  мүмкүн эмес, анын  жылдан жылга эл аралык сыйлыктар  арасында маанилүүлүгү артып кинематография дүйнөсүндө  “Азиянын Оскары” деп аташат. Сыйлык 2007- жылы  түзүлүп   Париждеги ЮНЕСКО жана FIAPF – Эл аралык кинопродюсерлер бирикмелери менен сейрек кездешкен кызматташуу артыкчылыгына ээ.  Сыйлыктын максаты киноматографиянын жетишкендиктерин жана ар кайсы элдин маданиятынын  түрлөрүн  таанытуу жана алга жылдыруу  иштерин камтыйт. Эң  тез өсүп өнүгүп жаткан чөлкөм, дүйнөлүк кинонун  жарымына жооп берсе, ичинде 70 өлкө 4,5 миллиард эли бар.
“Мыкты сценарий” номинациясынын бул жылкы талапкери кыргыз киносу,  “Атанын керээзи”  - социалдык драма режиссерлору Бакыт Мукул,  Дастан Жапар уулу. APSA cыйлык тапшыруу асеминин алдында мага Дастан менен маектешүү мумкүнчүлүгү болду.
Наталья: Сиз учун APSA калыстарынын “Мыкты сценарий”  номинациясына тандалганыңыз кандай мааниге ээ?
Дастан: “Атанын керээзи” – бул биздин алгачкы  кинобуз. Биздин  команда тасма үстүндө иштеп жатканда мындай болоорун кыялданганда эмеспиз! Эсимде, эки жыл мурун бул жактын сыйлык тапшыруу асеминен сүрөттөрүн көрүп жатып, өзүбүзчө элестеткенбиз, талапкерлердин арасында болуу кандай болду экен деп. Азыркы учурда “Атанын керээзи” 20 сыйлыктарды эл аралык кино сынактардан жеңип алды, ал эми APSAдан мыкты сценарий номинациясы болсо бул узак жолдун  эң жакшы натыйжасы, жыйынтыгы.
Наталья: Дастан, кайсы негизги ойду  фильм аркылуу көрүүчүлөгө жеткиргиңер келди?
Дастан: Биздин фильм, адам кайсы жакка барбасын, кайсы жакта жашабасын, ал өзүнүн түбүн унутпашы керек. Ал эмес, эгер адамдын өз ата мекенине кайтууга мүмкүнчүлүгү жок болсо да, өзү өзүнүн маданиятын, дүйнөгө  ала жүргөнгө аракет кылып, сыймыктануу менен улуттук өзгөчөлүгүн алып жүрүүсү зарыл. Кинодо биз, ошондой эле сырткы  миграция көйгөйлөрүн изилдеп чыктык, учурда бул тема кыргыз коомчулугунда  курч талкууларды жаратып келет, себеби Кыргызстандан азыр олуттуу түрдө сыртка агылгандар  арбын, менимче, бул көйгөдү чечүүгө убакыты келди.
Наталья: Сиздин көз карашта, “Атанын керээзи” – бул тасма көбүнчө фестивалдар үчүнбү же калың элдин көрүүсү үчүнбү?
Дастан: Бардан мурда, катардагы көрүүчүнүн биздин кинону көрүүсүн каалайбыз , анткени адамдын аң сезиминде  кыпындай нерсе болсо да өзгөрүлсүн деп, жок дегенде бир пайызыныкы. Биз үчүн бул чоң жетишкендик болот, канчалык биздин кинону көпчүлүк көрсө. Ошону менен бирге эле фестивалдар  “Атанын керээзи” сыяктуу кинолорго керек, анткени  тасма коммерция багытта эмес, көңүл ачууга кирбейт, мындай фильмдерге дээрлик көрүүчүлөр кирбейт. Көрүүчүлөрдү кызыктырып биздин чыгарманы аларга көргөзүү үчүн, бизге жарнак керек, аны  кинонун фестивалдардан жеңген  сыйлыктары камсыз кылат. Кинофестивалдардын аянттарынан деле өз элинин тагдырына кайдыгер карабаган, коомчулугун агартууну каалагандар чогулат.
Наталья: Кино агартуу ролду аткарыш керекби? Билим тартуулап көрүүчүгө, ага сабак берип же адепке үйрөтүп?
Дастан: Биз агартуу жактабыз, биздин фильм  так ушул  линияны карманат. Биз көңүл ачуучу максатты койгон эмеспиз, ал үчүн  өлкөбүздө  бөлөк режиссерлор бар, саны  жыйырмадай.
Наталья: Сиздин оюңузча, эмне үчүн Кыргызстанда тартылган, кыргыз режиссерлору менен, кыргыз эли жөнүндөгү кино, эл аралык сынактардын калыстарына жана эл аралык көрүчүгө кызыктуу?
Дастан: Балким, алардын жашоосунда дагы так  биздин кинодогу көтөрүлгөн  суроолор жана тоскоолдуктар айтылса керек. Эл аралык  мен болгон сынактарда (Белоруссия, Германия, Испания, Россия, Индия), бардык көрүүчүлөр фильмди бирдей кабыл алышты. “Атанын керээзиндеги”  көрүүчүлөр үчүн коюлган көйгөйлөргө эл жеңил кирип жатышты, себеби кино тили бардык ар түрдүү улуттарга, диндерге жана салттарга түшүнүктүү. Бирок көбүнчөсүнө жаңылыш  ой калыптанып калган, артхаус киносу жалаң фестивалдар үчүн гана тартылат деп, аны кабыл алуу жөнөкөй аудиторияга  өтө кыйын дегендей. Биз болсо орто катардагы  көрүүчүгө да түшүнүктүү болгон, ошону менен бирге эле фестивалдарда бийиктик баага татыган тасма тарталы дегенбиз.
Менимче, бизде бул ой жакшы эле  ишке ашты.

Алтын жаандай жааган эл аралык сыйлыктардын  “Атанын керээзи” киносуна, Дастан Жапар уулунун айткан сөздөрү  бүгүнкү күндүн чындыгын чагылдырып турат. Алар чындыгында эле кыраакы калыстардын суроо талабына жооп берген жана  маанилүү социалдык –тарыхый суроолорду камтыган, көптөгөн өлкөлөр жана региондордун көрүүчүлөрун толкундаткан суроолорун чагылдырып бере алышты. Кинонун керемети  миңдеген чарчыларды кыскартып ар бир элди кинонун тили менен баарын бириктирип, ар кандай окуяларды, жер шарында жашаган элдердин каалаган мүдөөлөрүн айтып жеткизет.
Автор: Наумова Наталья – Квинсленд Австралия
Которгон Мирдан Жунуш
скачать dle 11.3
Ой бөлүшкөндөр:
Гость whislsemi
На мой взгляд, это актуально, буду принимать участие в обсуждении. Вместе мы сможем прийти к правильному ответу. --- странное какое-то общение получается.. коврики ниссан х трейл т31, коврики для бмв х5 е53 и коврик на сиденье автомобиля накидка на автосиденье

Это не шутка! --- Прошу прощения, что я Вас прерываю, но не могли бы Вы расписать немного подробнее. бандероли пакет размеры, где купить пакет для бандероли а также конверты почта россии цена размер пакетов для бандеролей

Рекомендую Вам посетить сайт, на котором есть много статей по этому вопросу. --- Извините за то, что вмешиваюсь… Я разбираюсь в этом вопросе. Приглашаю к обсуждению. Пишите здесь или в PM. замер онлайн займ, ваши деньги займ онлайн или 24 финанс мфо займы онлайн новые мфо
Brusanwaw
Люди кто желает играть в современные игры на самых высоких настройках с динамичными теняими даже на самых слабых ПК или ноутах. Без лагов и фризов (Но нужен более менее нормальный инет). Читайте статья по настройке компа здесь. Видео по установке и настройке смотрите тут. Играю уже пол года на ведре 2005 г. Буду рад кому помог разорить буржуев игровой индустрии!!!
Ой бөлүшчү жер
Ваш комментарий:
Вопрос:* Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
Сайт жөнүндө

Бардык бул сайттагы колдонууга алына турчу материалдарды сайтка шилтеме берип алуу шарт. Материалдарды бөлөк интернет басмаларга көчүрүп алууда, сөсүз түрдө. Ачык, издөө системаларына ылайык болгон гиперссылка көргөзүлүшү керек. Материалдарды толук же жарым жартылай алууда шилтеме көргөзүлүшү зарыл. Гиперссылка (интернет басмаларында жайгашканда) теманын, аталыштын алдында же биринчи абзацтан кийин көргөзүлүшү шарт. Бардык укуктар корголгон.

Copyright © 2017

  • Рейтинг@Mail.ru